Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына карата даярдалган  макалабызда  тарых дегенде ичкен ашын жерге таштап, бул илимдин түпкүрүнө  сүмгүп кирип, санжыраны шурудай тизип, баяндап берүүнү кесип кылып аркалап келе жаткан милиция кызматкери жөнүндө баяндамакчыбыз.  Милициянын лейтенанты Медетбек Алымбеков учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академияда Коомдук-саясий кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенет.

ИИМдин Академиясынын курсанттарына, студенттерине тарыхтан сабак берип, Мекенге болгон сүйүү өз өлкөңдүн басып өткөн жолунан сабак алып, өз тарыхыңды жана тилиңди эч качан унутпоодо экендигин талыкбай айтып келет.

Милициянын лейтенанты Медетбек Алымбеков 1992-жылы Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында туулган. Беш бир тууган. Идиреги күчтүү бала чоң аталарынын айткан санжыралары менен чоңоюп, окуучу кезинде тарых илимине кызыгуусу күндөн–күнгө артып, көптөгөн сынактарга, олимпиадаларга катышып, алдынкы орундарды ээлеп келген окуучулардын баш сабында турган. Мектепти аяктап бул илимге кызыгуусу арткан кесиптешибиз Медетбек жогорку окуу жайлардын бири И. Арабаев атындагы КМУнун тарых факультетине тапшырган. Ал жакты ийгиликтүү аяктаган соң жигиттик парзды аткаруу максатында  армияга барып кызмат өтөп келген. Андан соң аталган окуу жайда, мектепте тарых илиминен сабак берген. Бирок кыргыз милициясында кызмат өтөөнү көптөн бери көздөп жүргөндүктөн, ИИМдин Академиясына ишке орношууну чечкен. Ошентип ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Коомдук-саясий кафедрасынын окутуучусу болуп орношкон.  Бир чети форма кийип тартип сакчысы болгонуна, бир чети курсанттарга, студенттерге билим берүүнү алынтып келе жатканына сыймыктанам дейт маегинде Медетбек. “Келечектеги ички коопсуздукту жана мыйзамдуулукту  камсыздаган тартип сакчыларын, кыргыз милициясынын генералдарын, дасыккан укук коргоочуларды чыгарган бул окуу жайда иштөөдө жашоого болгон көз карашым өзгөрүлдү. Курсанттар менен студенттердин алдындагы жоопкерчиликти тереңден түшүнүп, аларга туура таалим-тарбияны берип, өлкөбүздүн тарыхын, кыргыз үчүн күйүп жанган залкар, улуу инсандардын өмүр таржымалын  тарых сабагынан баяндап, мекенди сүйүүгө үңдөп келе жатканыма  сыймыктанам.

Андан сырткары бул окуу жайда  сабак берүүдө өзгөчөлүк бар.   Курсанттар жана студенттер ар бир берген тапшырмаларды өз убагында аткарышат.  Тарых илиминин келечектеги кесибине тийгизген таасири, жардамы жана салымы чоң экендигин так билишет. Окутуучулар дагы өздөрү милиция кызматкери болгондуктан кызматтык тартип менен мыйзамдуулуктун сакталышын мыкты өздөштүрүшкөн.

«Тарыхты тоготпогон муундун өткөнү жана келечеги жок»,- деп америкалык жазуучу Роберт Хайнлайн  айткандай, мен иштеп келе жаткан кафедрадагы окутуучулар менен бирге кыргызстандын тарыхын дүйнө тарыхы менен айкалыштырып, айрым окшоштуктарын баса белгилеп, кемчиликтер менен жетишкендиктерди мисал катары келтирип, кыргыз милициясынын түзүлгөн күндөн баштап азыркы учурга чейинки басып өткөн жолдорун дагы кошо айтып берип келүүдөбүз. Академияда иштеген улуу окуутучулардан насааттарын угуп, сабак берүүдө колдоно билүүгө аракет кылам”,-деди  Медет Алымбеков.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы