Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалын багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Финалга чыкчу кармашууда кыргызстандык спортчу Россиядан келген Ханум Велиевага каршы чыкты. Биринин артынан бири упай топтоп келе жатып, россиялык спортчу алдыга озуп кетти. Бирок акыркы мүнөттөрдө Жуманазарова чамданып, утуп алды.

Алтын үчүн күрөштө мекендешибиз япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Калыс беттешти токтоткондон кийин ордунан туруп сүйүнүп кетпестен атаандашынын акыбалын сурап, анын аксап басып жатканын көрүп, килемдин сыртына чейин аны кармап келди.