Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткандан кийин эл аралык ММКларга интервью берип, Айсулуу Тыныбекова жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу ой бөлүшкөн. Анда, чемпион кыз ийгилигинин сыры эң күчтүү, эң жакшы  машыктыруучусу экендигин айткан. Ал эми Айсулуу Тыныбекова ал үчүн үлгү болуп, ар дайым колдоп тураарын билдирди.