Президент Садыр Жапаров Мээрим Жуманазаров менен Айпери Медет кызын Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктоосун соцтармактагы баракчасы жазды.

Президент куттуктоо сөзүндө балбан кыздардын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын атйып, ыраазычылыгын билдирген.

“Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң. Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар. Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык”, — деп жазат өлкө башчысы.