АКШда полиция кызматкерлери 27 жаштагы кыргызстандыкты атып өлтүрүштү. Бул тууралуу күбөлөр социалдык түйүндөрдө билдирүүдө.

Алардын айтымында, ал киши Пенсильвания штатында жүк ташуучу компанияда иштеген, иштен алынгандан кийин ага 3 миң доллар төлөнгөн эмес.

«Эмоцияга алдырып ал жүк ташуучу унааны уурдап кеткен. Фирманын кызматкерлери милицияга кайрылып, кыргызстандык жигит машинага кол салып, уурдап кеткенин айтышкан. Жүк ташуучу унаа токтотуучу жайлардын биринен табылган. Айдоочу полициянын машинасына кирип кеткен, андан кийин атышуу башталган. Кыргызстандык каза болду «,- дейт күбөлөр.

Жактоочу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына окуянын видеосун жүктөдү.