АКШнын атомдук суу астында жүрүүчү кемеси Түштүк Кытай деңизинде белгисиз объект менен сүзүштү, деп жазат Fox News.

Аскер-Деңиз Флотунун маалыматы боюнча, «Коннектикут» бортундагы бир нече экипаж мүчөлөрү соккудан женил жаракаттарды алышкан. Ядролук кыймылдаткыч системасы бузулган эмес, суу астындагы кеменин жалпы абалы туруктуу.

Экипаждын эки мүчөсү орточо жаракаттарды алышты, бирок эвакуациялоону талап кылышкан жок. Кагылышуу тууралуу алгач кабарлаган АКШнын Аскер -деңиз институту окуяда 11 моряк жарадар болгонун билдирди.

Тергөө жүрүп жатат, бирок атын атагысы келбеген чиновниктин маалыматы боюнча, окуя душмандык аракеттердин же башка суу асты менен жүргөн кеменин сүзүшүүнүн натыйжасында болгон эмес.

Учурда суу алдындагы кеме Гуам портуна   карай  сүзүүдө.