2022-жылдын 1-январынан тарта ӨКМдин кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Каржы башкармалыгынын башчысы Анара Нурмамбетова билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселеси министр Бообек Ажикеев тарабынан көтөрүлүп, өлкөнүн бюджетине киргизилди.

“Мындан тышкары, ӨКМде көйгөйлөр арбын. Министр айлык акы менен чогуу башка каржылык маселелерди да чечүүгө кам көрүп жатат. 2017-жылдан бери топтолуп келген жалпы 103 млн сомдук карыздардан кутулуп, материалдык техникалык базасын чындады. Көп жылдан бери төлөнбөй келе жаткан аскер кызматкерлеринин кийим мүлкүнө, турак жай менен камсыздоодогу камсыздоочуларга болгон карыздары төлөндү”, — дейт ал.