Жылуу жерден чыккан адам бир аз суукка урунса эле ооруп каларын Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.

«Денедеги жылуулук өзү бат муздайт, анан адам тоңот. Ысык-суукка айрым адамдардын гана денеси көнгөн. Көбү ошондуктан үшүп, ооруп калышат. Биринчи кезекте суук өткөндө иммунитет түшөт. Машыгуу залынан же мончодон чыкканда жакшылап кургангыла, сыртка суукта жука кийинип чыга калбагыла», — деди Тяжельников.

Ал ошондой эле калың күрмөнүн ичинен өтө жука кийинип алуу дагы кооптуу экенин айткан. Жылуу жерге киргенде тердеп, чечингенде желге урунуп калуу толук мүмкүн.

 Булак: Спутник кж