“Эмгек партиясы”, «Либералдык-прогрессивдүү партиясы” жана “Ар-Намыс” партиясы алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

БШК жыйында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.

Белгиленгендей, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген.