Эртең, 12-октябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматында айтылгандай, таза суунун берилбегени «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алуучу жайларында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Таза суу төмөнкү аймактарда берилбейт:

Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космическая, Жумушчу шаарчасы, Айыл чарба институту, Ак Өргө, Ак Ордо жаңы конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), Теңир Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) чектешкен аймакта 9:00дөн 21:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.