Бул тууралуу Канышай Рысбек кызы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 20 жылдан ашуун убакытта Центерра кыргыз элинине,жеринин экологиясына зулум мамиле жасаган.

«Саламатсыздарбы, урматтуу кыргыз элим!

Бүгүн  БУУнун башкы төрагасы Антонио Гуттеришке Кумтөр иши боюнча  “Save Tianshan” тарабынан кабыл алынган  «РЕЗОЛЮЦИЯны» калтырдык!

Эмне үчүн мындай кадамга бардык?

Анткени, бул күнгө чейин, Центерранын мыйзам бузуулары чети гана болуп олтурат.

3-октябрь күнү Кыргызстандык экологдор Центерранын дагы бир былыгынын бетин ачты. Көрсө алтын өндүргөн компания иштетилген уулу, химиялык реагент, трал, автоунааларды утилизацияга жибербей, жердин алдына көмүп келгени ачыкталды!

20 жылдан ашуун убакытта Центерра кыргыз элинине,жеринин экологиясына зулум мамиле жасаганын эч ким тана албайт.

Мындай адилетсиздик болуп жатканда мен унчукпай, үйдө жылуу — жумшак отура албайм.

Дүйнөлүк коомчулук бул башаламандыкты билиш керек, деп эсептейм!

Бууга жөнөтүлгөн резолюцияга жакын арада жооп алам деп ишенем!», -деп жазды ал.