Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн. Азаттык  радиосу өздүк булактарына  таянуу менен  министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралып жаткандыгын жазып чыкты.

Министрлер кабинетинин курамында башка өзгөрүүлөр да болушу мүмкүн, алар расмий түрдө 12-октябрда жарыяланат. УКМКнын азыркы башчысы Камчыбек Ташиев учурдагы кызматын сактап калуу менен бирге коопсуздук маселелерин тейлеген вице-премьер-министр болуп дайындалышы мүмкүн.

Азаттыктан билдиргендей, президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган жок, бирок четке да каккан эмес.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койгондон кийин, өкмөт министрлер кабинетине өзгөртүлүп, министрлер кабинетинин жаңы курамы жана структурасы бекитилген.