Ар бир жигит Мекен алдындагы милдетин аткарып, жоокер болуп мамлекетибиздин бүтүндүгүн коргоп, өлкөбүздө тынчтыкты сактоого салымыбызды кошсок деп алдыларына максат коет эмеспи. Мына ушундай ой-максаттарын турмушунда ишке ашырып, элинин коопсуздугу менен бейпилдигин камсыздап келе жаткан кызматкерлебиз жөнүндө баяндамакчыбыз. 

Алардын бири Нарын облусунун Ат-Башы районунун мыкты уулдары, бир үй-бүлөдөн чыккан бир тууган тартип сакчылары-Тентиевдер.   Алар жөнүндө сөз кыла турган болсок, мекенибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулук менен аесуз күрөшүп, кылмышкерлерди кармоодо тайманбастыгын көрсөтүп, алдыга коюлган милдеттерин так аткарып келе жатышкан бир туугандар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда жана анын курамындагы атайын операциялар отрядында кызмат өтөшөт. Баардыгы спорт менен дагы алектенишет.  Ал эми, улууларынан үлгү алып, агаларынын жолун улап келе жаткан  кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер  Майрамбек Тентиев жакында 25-сентябрда өткөн “Панкратион” боюнча турнирде жеңишке жетип, чемпиондук курду тагынды.

Ал 2014-жылдан бери ИИМдин Ички иштер министрлигинин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Чүй ОИИББи боюнча атайын операциялар отрядында кызмат өтөйт.

Милициянын  старшинасы Майрамбек 2014-жылы агаларынын жолун улап, алардан үлгү алып ары кооптуу, ары жоопкерчиликтүү, кызматындагы ар бир кадамы тобокелчиликтер менен коштолгон атайын операциялар отрядында кызмат өтөөнү чечкен. Алгач ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” атайын багыттагы атрядында кызмат өтөөдөн баштап,  андан соң ИИМдин атайын операциялар отрядына (мурдагы тез чара көрүү отряды)  келген. Ал бул аралыкта  кызматын өтөп гана жүрбөстөн, аны менен кошо спортту кошо алып келе жаткан милиция кызматкерлеринин бири. Спорттун бокс түрү менен алектенгендиктен, атайын операциялар отрядына келип, атайын сынактардан дагы ийгиликтүү өтүп, учурда Чүй ОИИББдин атайын операциялар отрядында иштөөдө чоң жардамы тийгендигин айтып берди. Спорттогу жештишкендиктерине кайрыла турган болсок, Россия Федерациясынын Москва шаарында, Орто Азия өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда өткөн Бирман жана тай бокс боюнча турнирлерде жана мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеген.   Каарманыбыз Бирман жана тай бокс боюнча спорт чебери, Орто Азия боюнча Тай бокс боюнча чемпион, Кулатуу Эр таймаш боюнча эл аралык чемпионаттын көп жолку чемпиону, “Панкратион”  боюнча чемпиондук курдун ээси.

Кызмат менен спортту бирге айкалыштырып алып келе жаткан каарманыбыз, атайын операциялар отрядында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрү боюнча сууроо узатканыбызда, “Бизге кызмат өтөөнү каалагандарда  биринчи кезекте,  ден соолугу мыкты болуп, медициналык карама-каршы көрсөтмөлөрү болбошу керек. Андан сырткары,  физикалык даярдыгы жактан өнүккөн,   моралдык–психологиялык жактан туруктуу, эрктүүлүк, кайраттуулук, чыдамкайлык сапаттарына, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чечимдерди  туура кабыл алуу жөндөмүнө ээ болушу керек”,-деп Майрамбек бул отряддагы өзгөчөлүк жөнүндө айтып берди.

Майрамбек жакынкы арада чет мамлекеттердин биринде өтө турган турнирлерге катышуу үчүн кызуу даярданып жаткандыктан,  кесиптешибизге ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы