Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, өлкөдө расмий сапар менен келген Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кызыгуу жараткан бардык багыттар, кыргыз-индия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-коргонуу, маданий-гуманитардык жана билим  берүү тармактары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы салттуу достук жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген  өлкөлөр ортосундагы терең саясий өз ара түшүнүшүүнү канааттануу менен белгиледи.

Президент акыркы жылдары эки тараптуу сооданын өсүшү байкалганын белгилеп, Индия Кыргызстанга фармацевтикалык өнүмдөрдү жеткирүүчүлөрдүн негизгилеринин бири жана текстиль өнөр-жайын, медициналык туризм жана башка тармактарды камсыздоодо маанилүү роль ойноорун кошумчалады.

Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Индия менен энергетика, кайра иштетүүчү өндүрүш, айыл-чарбасы, медицина жана туризмге түз инвестиция жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы эки жана көп тараптуу форматтарда натыйжалуу өнүгүп жаткан, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук жана аскердик иш жаатында кызматташтык темасына да токтолду.

Президент кыргыз тараптын аскердик-коргонуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун билдирди.

 

Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкар  Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин атынан салам айтып жана Садыр Жапаровду өзүнө ыңгайлуу болгон убакытта Индияга сапар менен келүүгө чакырды.

Индиянын тышкы иштер министри эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана өнүктүрүүгө жана санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, туризм тармактарындагы инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга даярдыгын белгиледи.

Субраманиям Жайшанкар анын расмий сапарынын жүрүшүндө өлкөлөр ортосунда, коомдук өнүгүүгө багытталган, тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индиядан гранттык жардам боюнча Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Индиянын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын кошумчалады.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун бир катар тармактарда негизинен, медициналык туризм, коопсуздук жана аскердик-коргонуу боюнча  кызмаштташууну жылдыруу сунушун колдоого алды.

 

Жолугушуу соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Индия менен биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча активдүү достукту жана ачык диалогду улантуу ниетин дагы бир жолу билдирди.