Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференциянын тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери кыргыз-монгол кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты, эл аралык уюмдардын жана түзүмдөрдүн алкагында укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашышты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар саясий жана экономикалык чөйрөдөгү практикалык кызматташтыктын конкреттүү маселелерин деталдуу талкуулоо үчүн ТИМдин консультацияларын өткөрүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары өз ара расмий иш сапарларды уюштуруу боюнча чакыруулар менен алмашышты.
Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү менен өттү.