Организмде магнийдин жоктугу күзгү суукта өтө кооптуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, диетолог Римма Мойсенко Sputnik радиосуна берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, бул элемент адам үчүн эң маанилүү элементтердин бири, анткени ал денеде болуп жаткан 300дөн ашык химиялык процесстерге кызмат кылат. Дарыгер магнийдин деңгээли төмөн болгондо, иммундук жооп берүүчү калкан сымал бездин иши «аксап» баштаарын, кортизол менен адреналин начар өндүрүлөрүн эскертти. Ошол эле учурда, эксперт магний аптаптуу жайдан кийин өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи, анткени жогорку температурада тердөөнүн натыйжасында бул элементтин көбү денеден чыгып кетет жана адамдын иммундук реакциясы төмөндөшү мүмкүн.

Адис ошондой эле магнийдин жетишсиздиги ашыкча салмакка жана целлюлитке алып келерин эскертти. Мындан тышкары, кандагы магнийдин деңгээли оппортунисттик флоранын активдүү өсүшүнө жана чарчоого алып келет, деп түшүндүрдү ал. Диетолок жаңгак, коон, мөмө жемиштерди же көк чай сыяктуу азыктар менен  организмде магнийдин деңгээлин жогорулатууну сунуштайт.