Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, концепциясын жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңешинин депутаттары Е. Г. Строкова, А. Э. Самигуллина, А. К. Касымалиева, А. А. Карашев, Ч. Ч. Урумкалиева, Б. К. Аманова, Г. К. Асылбаева, Б. Э. Торобаев, О. Ж. Турдумамбетов, С. К. Нышанов жана Р. М. Туманбаева.

Евгения Строкова мыйзам долбоору туура тамактанууга болгон балдардын укуктарын жүзөгө ашырууга багытталганын белгилеп, туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарынын маркетингин чектөө максаты коюлгандыгын билдирди.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде белгиленгендей, Кыргыз Республикасы тузду көп колдонгон өлкөлөрдүн катарында турат. Тагырагы, туз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланылат. Андан тышкары эт майы камтылган тамак-аштар да арбын.

Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын жана башкар курулмалардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта канттын, туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аштарды жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө.