Экономика

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12.6 млн доллар карызын кечет

Кыргызстандын Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) карызы 12.6 млн долларга кыскарат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы  кабарлады.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Аткаруу Кеңеши 2021-жылдын 6-октябрында аз камсыз болгон 24 мамлекетке, анын ичинде Кыргыз Республикасына, Табигый кырсыктардан сактоо жана жардам көрсөтүү фондунун (CCRT) алкагында карыздарды кечүү боюнча чечимди жактырды.

«Бул карыздын жеңилдетилиши саламаттыкты сактоо секторуна каражат бөлүү үчүн финансылык ресурстарды бошотууга жана COVID-19 пандемиясынын таасирин азайтуу үчүн экономикалык колдоо көрсөтүүгө жардам берет», – деп билдирди Экономика министрлиги.

Буга чейин Кыргызстанда Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы менен карызды тейлөөнү кийинкиге калтыруу боюнча келишимди талкуулоо тууралуу да айтылган. 51.1 млн долларды 6%га жылдык 2% үстөк менен төлөөнү кийинкиге калтыруу сунушталууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) жылдын ортосунда 4 млрд 921 млн долларды (416 млрд 630 млн сом) түзгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button