Кара-Кулжа районунун эң алыскы кыштактарынын бири Карагуз айылына “Исар” кайрымдуулук фонду тарабынан мечит, окуу классы менен кошо курулду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

 Мечиттин аянты 216 чарчы метр. Ибадат үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Айыл алыс жана инфраструктуралар жок болгондуктан, демөөрчүлөр баруусу өтө кыйын. Мисалы, электр тогу жумалап өчүп калат. Ошого карабастан курулушчулар генератор иштетип мечитти белгиленген мөөнөттө бүтүрүп беришти”, — деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир Ракиев, таанымал дин аалымы Абдушүкүр Нарматов, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла Жээнбеков, Бишкек борбордук мечитинин директору Асан Саипов жана мечитке демөөрчүлүк кылган “Исар” фондунун директору Алтынбек Кудайбердиев катышты.