Мындай пикирин өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды. Президент Акылбек Жапаровго ишеним көрсөтүп, эмдиги жылы бюджетти 400 миллиард сомго жабат, биз макулдашып келиштик деген.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен көптөн бери Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамга кечээ кол койдум, ал күчүнө кирди. Убакытты создуктурбай, дароо эле Министрлер Кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Башмыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм.

Айрым министрликтерге жаны кишилер сунушталды.

Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам.

Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт.

Өкмөт башчысы алмашат.

Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым.

Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат.

Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөкпулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.

Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик.

“Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам”, — деп сөз берди.

Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, Өкмөт башына коюп, убакыт берели.

Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтаарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот.

Анын иштерин текшерип турганга күчүм да, убактым да жетет.

Эң негизгиси өзүм таза болсом баары таза болот. Өзүм казынага кол салсам, анда баары ага кол сала башташат.

Мен мурункулардын катасын кайталабаймын.

Менин көзөмөлүмдүн астында “Кумтөр” маселесин бүтүрдү. Быйылкы бюджетти турукташтырды. Казынага 24 миллиард сом кошумча акча түштү. Жетим-жесирлердин жөлөкпулдарын 100 пайызга чейин көтөрүп жатабыз.

Ошондой эле Туруктуулук фонду түзүлүп жатат.

Жана башка бир далай иштерди аягына чыгарды.

Алдыда дагы бир топ иштер бар.

Ошон үчүн убакыт берели.

Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда», — деп жазды мамлекет башчысы.