Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу  Асан Мырзаев жазды.

Анын айтымында, учурда «Достук» көзөмөл пунктунда  Чоң-Алайдагы  алтын кенинен «Гик Кайди» ишканасы дагы 350 тонна алтын концентраты жүктөлгөн фураларды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө даяр тургандыгы белгилүү болду.

«Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин  22-сентябрындагы жыйынында Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кенинен «Гик Кайди» ишканасы мыйзамсыз лицензиясын жаңыртуу жолу менен 17 оор жүк ташуучу фуралар менен алтын концентраттарын Ош шаарындагы «Достук» көзөмөл пункту аркылуу чыгарып кеткенин айткан.

Депутат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, муну тез арада текшерип берүүсүн өтүнгөн. Учурда көтөрүлгөн маселенин алкагында өкмөт тарабынан мекемелер аралык тийешелүү комиссия түзүлүп, маселени жеринде чечүүгө багытталган аракеттер башталды.

Бүгүн, 12 — октябрда курамы 10 кишиден турган комиссия Ош облустук мамлекеттик администрациясында жана «Достук» көзөмөл пунктунда жыйын өткөрүштү.

Учурда «Достук» көзөмөл пунктунда  Чоң-Алайдагы  алтын кенинен «Гик Кайди» ишканасы дагы 350 тонна алтын концентраты жүктөлгөн фураларды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө даяр тургандыгы белгилүү болду. Бишкектен барган комиссиянын  мүчөлөрү 350 тонна алтын концентратын сыртка чыгарууга макулдук беришкени менен бир гана Аккулу Бердиев мындай мыйзамсыз аракетке караманча — каршы туруп жатат.

Окуянын мындан ары өнүгүшү кандай багытта кетүүчү баарыбыздын биргелешип жасаган аракетибизден көз каранды.

Эл байлыгы элге иштеш керек!», — деген ал.