Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын сентябрь айында болжолдогу 9 млрд 663,0 млн сомдун ордуна 9 млрд 717,1 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналып, белгиленген план 100,6 пайызга аткарылды же 54,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 2 млрд 652,7 млн сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 137,6%ды түздү.

2021-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы болжолдогу 72 млрд 809,4 млн сомдун ордуна 75 млрд 848,8 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналып, белгиленген план 104,2 пайызга аткарылды же 3 млрд 039,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 20 млрд 793,6 млн сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 137,8%ды түздү.