Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Жаңы министрлер кабинети өлкө калкынын татыктуу жашоосун камсыздоого аракет кылат, деп билдирди Акылбек Жапаров депутаттарга. Ал байлар үчүн салык жүгүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

«Мен байлар көбүрөөк салык төлөшү керек, бирок жумуш орундарын түзсө жеңилдиктерге ээ болушу керек деп эсептейм. Бүт дүйнөдө ушундай. Олигархтар болбошу керек, бирок байлар көбүрөөк болушу керек. Биз негизги төрт факторго токтолобуз: капиталдын болушу, технология, жер ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана жеке капиталды өнүктүрүү », — деди Акылбек Жапаров.

Аткаминер өлкөнүн бюджетин 2022 -жылы 400 миллиард сомго, 2023 -жылы 500 миллиард сомго чейин, 2024 -жылы 600 миллиард сомго чейин жеткирүүнү убада кылууда.