Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына бензин жана дизель майын бажы төлөмүсүз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча 2016 -жылдын 6 -июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле 2022 -жылга индикативдик балансты тууралоо жана бекитүү жөнүндө Протоколго кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министринин орун басары  Н.Шаршеналиев, экономика жана финансы министринин орун басары Э.Алишеров, ал эми Россия тараптан энергетика министринин орун басары П.Сорокин кол койду.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен КРнын министрликтери жана ведомстволору тарабынан иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин Россия Федерациясынан 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылчу, эми анын көлөмү көбөйтүлдү. Тагыраак айтканда, 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылат.