«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүдө. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, МИК «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» турак жай программасынын жылдык пайыздык ченин төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алды.
Жылдык пайыздык чен этап-этабы менен төмөндөтүлөт, ал үчүн МИК ААКтын Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык насыя алуучулары:
• мөөнөтү өткөн карыздарды жабуу,
• мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу полистерин жаңыртуу,
• Банк менен карыз алуучунун ортосундагы учурдагы келишимдерге тиешелүү кошумча келишимдерди түзүү керек.
Толук маалымат алуу үчүн банктын кураторуна кайрылуу керек. Пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча шарттары биздин расмий порталыбызда жарыяланган