Бүгүн, 13-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жыйында эл өкүлү Бурун Аманова Акылбек Жапаровга кайрылып, мугалимдердин эле эмес, мектепте, бала бакчаларда, ооруканаларда эмгектенген техперсоналдардын айлык акы көтөрүлөбү деген суроо менен кайрылды.

«Акылбек Үсөнович, сиз айтып жатасыз мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт деп. Ошол эле мезгилде, мектепте, бакчада, поликлиника жана ооруканаларда эмгектенген санитарлардын айылыгына кошулабы, анктени булардын жумушу оор, ал эми айлыктары аз», — дейт Аманова.

Акылбек Жапаров мугалимдердин айлыгы көтөрүлсө техникалык кызматкерлердин да айлыгы көтөрүлөрүн, бирок, этап-этап менен жогорулай турганын белгиледи.

«Биринчи этапта  мугалимдердин маянасы жогорулайт, экинчи этап менен техникалык кызматкерлердин айлыгын жогорулатыбыз», — деди Жапаров.