Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин министрликтеринин жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыктарга ылайык:

—  Амангелдиев Данияр Жолдошевич экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;

— Бакетаев Алмаз Кушбекович финансы министри болуп дайындалды;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

—  Баетов Аяз Батыркулович юстиция министри болуп дайындалды;

— Осоев Эркинбек Арстанбекович транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Бекмурзаев Доскул  Жумагулович энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Кутманова Динара Асиевна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Купешов Болотбек Дүшекович билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Жаманкулов Азамат Капарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;

— Базарбаев Кудайберген Базарбаевич эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Ниязбеков Улан Омоканович ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Ажикеев Бообек Эргешевич өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.