Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында, өлкөнүн жаңы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүндө сөз сүйлөдү.

Анда мамлекет башчысы алдыдагы парлменттик шайлоого токтолуп, талапкерлер, партиялардан  добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин, деген пикирин билдирди.

«Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Көпчүлүгүңүздөр кайрадан шайлоого катышып жатасыздар. Кай бириңиздер партия менен, кай бириңиздер бир мандаттуу аймактардан. Менин сиздерден суранаарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет.

21-октябрь күнү ушул темада республикалык кеңешме өткөрүп жатам. Айыл өкмөт башчыларынан тартып, Өкмөт башчысына чейин  бардык жетекчилер катышат, чакырылгандар арасында сиздер да барсыздар. Шайлоого катышып жаткан партия башчылары дагы бар. Ошол жерде бардык мамлекеттик структуралык жетекчилерге шайлоону таза жана так өткөрүү боюнча катуу тапшырма берем.

Мурдагыдай мугалим, врач, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коебуз. Түп-тамырынан андай аракеттерди кыркабыз.

Бул жолу элдин эркин тандоосун камсыздоого аракет кылабыз. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоого аралашып же кайсы бир талапкерге иштеп жүргөнү аныкталса, кызматтан алып эле тим болбостон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жазага тартабыз.

Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпастан, тескерисинче, шайлоону максималдуу түрдө таза, так, ачык өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Ал эми элдин добушун сатып алам дегендерге жалпы элдин, таза талапкерлер менен таза партиялардын жардамы керек болот. Сатып алам дегендерди колго чабышыңар керек. Анткени эл баарын көрүп, билип турасыздар.

Ошондуктан бул шайлоону таза өтүшүнө жапа тырмак жардам бериңиздер!

Сөзүмдүн аягында сиздерден дагы бир нерсе суранаарым, урматтуу депутаттар!

Трибунага чыгып бир нерсе сүйлөөрдө чын-аныгын аныктап алып анан сүйлөсөңүздөр деген суранычым бар. Сиздер эл өкүлүсүздөр, сиздердин ар бир сүйлөгөн сөзүңүздөрдү эл салмактуу кабыл алат», — деди өлкө башчысы.