2021-жылдын 13-октябрына карата алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирген 73 партиянын ичинен 26сы съезд өткөргөнүн БШКга кабарлашты.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, партиялардын 23ү талапкерлеринин тизмесин бекитти.

Белгилей кетсек, саясий партиялар каттоодон өтүү үчүн документтерди 18-октябрда саат 18:00гө чейин БШКга өткөрүшү керек.

Ал эми 13-октябрга карата “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” партиялары талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн документтерди БШКга тапшырды.

Партиялардын тизмеги:

1. “Улуттар Биримдиги” партиясы;

2. “Ишеним” партиясы;

3. “Альянс” партиясы;

4. “Кыргызстандын жашылдар партиясы” партиясы;

5. “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”;

6. “Ата Мекен” партиясы;

7. “Ыйман Нуру” партиясы;

8. “Эл үмүтү социалдык саясий партия”;

9. “Азаттык” партиясы;

10. “Ынтымак” партиясы;

11. “Ак Асаба” партиясы;

12. “Күчтүү регион” партиясы;

13. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы;

14. “Аруузат – Эл Куту” партиясы;

15 “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы;

16. “Мекенчил Эл” партиясы;

17. “ОРДО” партиясы;

18. “Багыт” Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы”

19. “Жашасын Кыргызстан” партиясы;

20. “Улуу-Журт” партиясы;

21. “ЛЕГАЛАЙЗ” партиясы;

22. “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы”;

23. “Социал-демократтар” партиясы.