2021-жылы 13-октябрда саат 18.00дө 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү төмөнкүчө жүзөгө ашырылат.

1) саясий партиялардан ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

2) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен.

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бүт өлкө боюнча 36 шайлоо округу түзүлгөн.

БШКга 387 арыз берилди, алардын ичинен 3 талапкер өз арыздарын кайра чакыртып алды, 3 талапкер өз арыздарын кайра чакыртып алып, мөөнөт аяктаганга чейин кайра арыз беришти.

2021-жылдын 13-октябрына карата бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 381 талапкер көрсөтүлдү (31 – аял жана 350 – эркек), алардын ичинен 379 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жана 8 талапкер 7 саясий партиядан көрсөтүлдү.

Талапкерлердин эң жогорку саны – 19 талапкер Кадамжай шайлоо округунан.

Талапкерлердин эң төмөнкү саны – ар бири 4 талапкерден Ноокат жана Өзгөн шайлоо округдарынан.

Облустар боюнча талапкерлерди көрсөтүү төмөнкүдөй болду:

Баткен облусу – 3 шайлоо округу, 40 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 4 аял.

Ош облусу – 9 шайлоо округу, 71 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 3 аял.

Жалал-Абад облусу – 7 шайлоо округу, 63 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 3 аял.

Талас облусу – 2 шайлоо округу, 17 талапкер көрсөтүлдү, аялдар жок.

Чүй облусу – 6 шайлоо округу, 73 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 3 аял.

Бишкек ш. – 4 шайлоо округу, 38 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 4 аял.

Нарын облусу – 2 шайлоо округу, 31 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 4 аял.

Ысык-Көл облусу – 3 шайлоо округу, 48 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 10 аял.