Бүгүн, 14-октябрда Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүүдө. Форумдун ишине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.

Бул иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы алкагында Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтүүдө.