Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, фонд жакынкы арада түзүлөт.

«Алдыңкы  5-10 жылда Баткен аймагын өнүктүрүү боюнча чоң иштер аткарылат», — деди Жапаров.

Белгилеп кетсек, Баткен облусу борбордон эң алыс жайгашкан, Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен тилкесиндеги аймак. Коңшулар менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан жер, суу талаш маселелери улам катталып турат.