Баткен облусунун транспорттук коридорлору – экономикалык өнүгүү коридорлору. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда өтүп жаткан «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунун жүрүшүндө билдирди.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө аталган региондун артыкчылыктарын жана инвестициялык потенциалга ээ багыттарын санап өттү. Белгиленгендей, облустун негизги артыкчылыгы анын транзиттик потенциалы болуп саналат.

«Баткен облусунун транспорттук коридорлору – экономикалык өнүгүү коридорлору. Республика аркылуу көптөгөн миллиард рыногу бар Кытайга жетүүгө болот. Атап айтканда, Кызыл-Кыя ири чектеш логистикалык борбор боло алат. «Лейлек» ЭЭА концепциясы каралууда, мында жеңилдиктер көбөйтүлүп, инфраструктурага мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары, өнөктөштөрдүн колдоосу астында заманбап фитосанитардык көзөмөл лабораториясын курууга болот. Жалпысынан алганда транзиттик-логистикалык потенциал аймакка гана эмес, өлкөгө да чоң пайда алып келет. Ири инвесторлорду бул жаатта кызматташууга чакырам», – деди Акылбек Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы региондогу негизги инвестициялык багыттарды атады.

«Баткен облусундагы инвестициялоо багыттарынын бири – энергетика. Мисалга, Ак-Суу, Козу-Баглан, Кожешкен, Исфайрамсай, Ак-Сай сыяктуу ири дайраларда чакан ГЭСтердин курулушу күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик чакан гидроэлектростанциялар үчүн жер бөлүүгө максималдуу колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, облус тоо-кен өнөр-жай тармагында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Башка багыт катары айыл-чарба тармагы саналат: аймактын мүмкүнчүлүктөрүн жана кластерин эске алуу менен мында заманбап заводдор жана кургатуучу цехтер ишке киргизилүүсү мүмкүн. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк менен биргеликте болжол менен 50-60 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле ири инвестицияларды ирригациялык долбоорлорго багыттоо зарыл», – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы баса белгилегендей, Кызыл-Кыя, Исфана, Кадамжай жана Айдаркен шаарларындагы өнөр жай ишканалары кайра иштеп баштоосу күтүлүүдө. Ошондой эле ал климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен суунун чоң көлөмүн талап кылбаган долбоорлорго инвесторлордун көңүлүн бурууну өтүндү.

Белгилесек, иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун экономикалык потенциалын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жаңы сапатка көтөрүү максатында өтүүдө.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.