Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында Биримдикке катышуучу-мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерди көтөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилдерде Биримдиктин өлкөлөрү азык-түлүктүн же ашыкча өндүрүлүп, же жетишсиз болуп жатканына тушугуп атат.

«Тилекке каршы, бизде мындай көрүнүштөргө таасир этүүчү механизмдерибиз жана рычагдарыбыз жок.

Бүгүнкү күндө Биримдикке кирген ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнчө механизмдерин түзүп жатат. Бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келүүдө. Ошону менен бирге ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалы эске алынбай келет», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу ал, аялуу жана негизги азык-түлүк өнүмдөрүнө манипуляция кылууга жана баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн рыноктун катышуучуларынын тең салмактуу жана алдын ала болжолдонгон аракеттер менен көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууну сунуштады.

“Азык-түлүк өнүмдөрүнүн тартыштыгын алдын алуу жана бири-бирин толуктоону камсыз кылуу үчүн келечекте ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик базаны шайкеш келтирүүгө биргелешкен практикалык чараларды көрүү зарыл.

Бул  макулдашылган, келечекте болсо бирдиктүү агроөнөр жай саясатын калыптандырууга шарттарды түзүүгө олуттуу кадам болот”- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.