Үй камагында жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кайрадан кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Маалыматка караганда, ал жаңы кылмыш ишине шектелип кармалган. Кийинчерээк өздүк булактар тарабынан белгилүү болгондой, Сарпашевдин баш коргоо чарасы тандалып тергөө иштери аяктаганга чейин 2 айга абакта калтырылды.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр» иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да кармалган.