Улуттук банк 14-октябрда валюта базарына интервенция жасап, $30,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган тогузунчу интервенция.

Улуттук банк 2021-жылдын башынан тарта 341 млн 350 миң АКШ долларын валюта базарына саткан.