КРнын министрлер кабинети майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборду ишке берүү үчүн 3 млн сом бөлдү. Бул тууралуу «Өмүр булагы» кайрымдуулук марафонунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда майыптыгы бар балдар үчүн “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке берүүгө каражат чогултуу боюнча “Өмүр булагы” кайрымдуулук марафону өтүп жатат.