Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу тарифти жогорулатуу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары муниципалдык жүргүнчү ишканалардын техникалык бузулушуна жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине байланыштуу шаардык транспорттун кыймылдуу курамы кыскарды, каттамга 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус гана каттап жатат.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85%ы жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Бул кызмат көрсөтүү рыногунда тенденция терс факторлор менен да мүнөздөлөт: кыймылдуу курамдын кыскарышы (бүгүнкү күндө болжол менен 3,5 миң автоунаанын ордуна шаардыктарды 1 миңден ашык эмес унаа тейлеп жатат), айдоочу штатынын жетишсиздиги (атаандашсыз эмгек акы) жана жалпысынан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын транспорттук кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө багыттоо.

Натыйжада, Бишкек шаарынын тургундары акыркы бир нече жылдан бери шаардык транспорттук кызматтарды тиешелүү көлөмдө жана сапатта ала алышкан жок. Жеке жүк ташуучулардын үзгүлтүккө учурашы өзгөчө жагымсыз болду.

2021-жылдын июнь айында, маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштаганда, коомчулук, борбор калаанын тургундары өзүлөрүнүн тилектештигин, өз ара жардамдарын көрсөтүштү, бирок Бишкекти транспорттук көйгөйдөн чыгаруу оңой болгон жок.

Жагдайларды эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши көптөн бери көтөрүлүп келген тарифтерди жогорулатуу боюнча токтомду кабыл алды. Бул факторлордон тышкары, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерине күйүүчү майдын, запастык бөлүктөрдүн жана тетиктердин баасынын өсүшү олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен бирге жүргүнчүлөрдү ташуунун Эрежесин бекитүү боюнча иштер жүрүп жатат, анда тейлөөнүн сапаты жана бардык коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүүнүн катаал шарттары көрсөтүлгөн.

Мэрия автобус паркын көбөйтүү үчүн иштерди күчөттү. Бүгүнкү күндө ЕРӨБ менен газ менен күйүүчү 250гө жакын автобус сатып алуу жана АӨБ менен 150 электроавтобустарды сатып алуу боюнча келишимдер ишке ашыруу стадиясында турат. Ошондой эле экологиялык таза күйүүчү май менен шаарга узун автобустарды жеткирүү боюнча жеке инвесторлор менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Бишкектеги коомдук транспорттордо жол кире акысы көтөрүлөт. Шаардагы автобус жана троллейбустардагы жол кире 11 сомго, маршруттук таксилердин жол акысы 15 сомго жогорулайт.