Кыргызстанда бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдардын саны 200 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишкекте кайрымдуулук марафонунда сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, майыптыгы барларга мамлекеттен берилүүчү жөлөкпул өлчөмү быйыл жарымына көбөйтүлдү, кийинки жылы дагы ошончого көбөйтүү пландалууда:

“193 700 майып киши бар экен, анын 32 миңи 18 жашка чыга элек балдар. Арасында атасы же апасы жоктор, томолой жетимдер да бар. Президенттин жарлыгына ылайык, 1-октябрдан баштап 50% көбөйтүлдү, а 1-январдан баштап 100% көбөйтүлөт”.

Бул үчүн, Жапаровдун айтымында, келерки жылы 3 миллиард сомдон ашык акча бөлүнөт.

Укук коргоочулардын айтымында, майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны расмий статистикадан кыйла айырмаланат, себеби көбү расмий каттоого алынган эмес.