Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жылдызбек Исакулов, №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Акыл Курманалиев шайлоого катышуудан баш тартуу арызын жазды.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.