Унаа токтотуучу жайларды пайдалануудагы мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы кабарлады.

Мэрияга караштуу «Бишкек токтотмолор жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасы айрым жерлерди жетиштуу документтерсиз колдонуп жүргөн. Мындан сырткары транспорт каражатын токтотуунун акысы 10 сом деп бекитилсе, шаар тургундарынан 25 сомдон алынып келген (Шаардык кеңеш бекиткен тарифке ылайык парковка 10 сом, стоянка 25 сом).

Ошондой эле муниципалдык ишкана жерлерди жеке компанияларга ижарага берип жүргөнү да аныкталды. Прокуратура мындай мыйзам бузууларды аныктаганы менен мэрияга аларды жоюу сунушун гана берип чектелди.

Мындан сырткары парковка үчүн дем алыш күндөрү акы алынып жатканы көрсөтүлгөн (муниципалдык унаа токтотуучу жайлардан дем алыш жана майрам күндөрү акы алынбашы керек).

Бишкек мэриясынын түзүмүндөгү унаа токтотуучу жайларды тейлеген ишкана мурда натыйжасыз деген жүйөө менен жоюлуп кеткен. 2019-жылы кайра муниципалдык ишкана катары түзүлгөн. Андан бери шаардын бюджетинен 17 миллион сомдон ашык субсидия алып, аны актай электиги да айтылууда.