Ишемби күнү Франциянын тургуну 220 миллион еврого байыды. Euronews телеканалынын маалыматы боюнча, бул Европада утулган эң чоң, рекорддук лотереялык байге.

Мурунку утуш 210 миллион евро супер джекпот ушул жылдын февраль айында Швейцарияда болгон.

Францияда акыркы рекорддук утуш 2020 -жылдын декабрына туура келип 200 миллион еврону түзгөн.

Эми бактылуу жеңүүчү 60 күндүн ичинде өз байгесин  ала алат.