Бул сапар ИИМдин Ички аскерлеринин 703-аскер бөлүгүнүн Өзгөн  шаарындагы ротасында кызмат өтөгөн офицерлердин бири, 1-взводдун командири улук лейтенант  Жыргалбек уулу Азиз жөнүндө баяндамакчыбыз.   

Чыкыйып кийинген бул жигит «честь» берип өзүн тааныштырганда ага аскердик кызмат жана форма абдан жарашып турганын баамдадым. Улук лейтенант Жыргалбек уулу Азиз Нарын районунда туулуп өсүп, орто мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде билим алыптыр. 2016-жылы Улуттук Гвардиянын катарында аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, кызматы бүткөндө ага «запастагы лейтенант» наамы берилиптир.

Аскердик жашоо Азиздин жан дүйнөсүнө дал келип, ал  2019-жылы ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө киришет. Эки жылга чукул мезгилден бери 703-аскердик бөлүктүн  Өзгөн шаарындагы ротасында кызмат өтөп келе жаткан Азиз Жыргалбек уулу аскердик кызматтан өзүн тапкандыгын, жүрөктөгү сезими менен кайсыл жерде болбосун кызмат өтөөгө даяр экенин айтат. Ушул жерде Азиздин атасынын эңсеген ой-максатын жүзөгө ашырганын айтса кетпесек болбостур, окурман. Атасы кезинде аскер кызматкери болууну каалап, бирок турмуш-шартка байланыштуу боло албай калган экен. Кичинекейинен атасынын тилегин аткаруу принциби менен жашаган Азиз, минтип Мекен коргоочусу болуп калганын, көңүлүндөгү эңсеген нерсесин тапканын сыймыктануу менен белгиледи.

Маек учурунда Азизден аскер кызматында эсте калган учурлары менен бөлүшүүнү өтүндүм. «Аскерде жүргөндө бизге полковник Жакыпов деген агай бизге сабак өтчү,-деди өткөндү эскерген Азиз Жыргалбек уулу-ошол полковник бизге кызматыбыз бүткөндөн кийин аскердик комиссариатка барып, каттоого туруп коюубузду кулагыбызга куйчу. Мен ошол кишинин сөзүн угуп, себебин  так билбесем деле барып каттоого туруп койгон болчумун. Эми ойлосом ошондо абдан туура иш кылган экенмин. Бул ротага буйрук чыгып, кызмат өтөөгө киришкенден 15 күндөн кийин улук  лейтенант наамын алдым. Бул мен үчүн күтүлбөгөн чоң кубаныч болду. Атама чалып сүйүнчүлөсөм, «Кечээ эле ишке кирсең, кантип?» деп  ишенбейт. Алган наамым мага чоң дем, стимул берип, дагы алдыга умтулууга түрткү берди. Алдыда мен күтпөгөн бактылуу күндөр көп экенине ишенем…»

Бүгүнкү күнү ротанын жоокерлери Өзгөн РИИБдин кызматкерлери менен бирдикте коомдук тартипти сактоо боюнча күнүгө кайгуулга чыгып, кылмыштуулуктун алдын алууда чоң салым кошуп келишет. Ага кошумча, район деңгээлинде өткөн спорттук мелдештерде ротанын жигиттери дайыма байгелүү орундарды колдон чыгарбай, өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүп келишет. Командир катары, албетте, Азиз Жыргалбек уулу мындай учурда дайыма биринчи катарда. Жоокерлерин колдоп, алдыга сүрөп, өзү жол көрсөтүп келет.Жаңы келген жоокерлерди алгач ротанын күнүмдүк жашоосуна үйрөтүп, андан ары күжүрмөн даярдыкты колго алуу зарылдыгын белгилеген маектешимдин, кыска убакыт аралыгында өзүн көрсөтүп, ишин жолго кое алганы, анын ишенимдүү келечегинен кабар берип турганына үмүт арттырат.

 

ИИМдин “Бетме-бет” гезити