Таластагы 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан каза болгон жарандын аты-жөнү такталды. Көз жумгандардын ичинен эң улуусу 60 жашта болсо кичүүсү 12 жаштагы өспүрүм. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканда билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча Хонда-Степвагон унаасынын алдынан жылкы чыга калгандан улам ал карама-каршы тилкеге чыга калып, ДАФ унаасын сүзгөн.

Кырсыктан каза болгондор:

  1. Айдоочу Бакай-Ата районунун тургуну 1980-жылы туулган.
  2. 2009-жылы туулган жүргүнчү Ч.А.
  3. 1970-жылы туулган жүргүнчү Ш.С.
  4. 1964-жылы туулган жүргүнчү Т.З.
  5. 1995-жылы туулган жүргүнчү К.Э.
  6. 1961-жылы туулган жүргүнчү С.Э.
  7. 1996-жылы туулган жүргүнчү Н.М.
  8. 1993-жылы туулган жүргүнчү Р.А.

Ал эми Талас облустук ооруканасынын дарыгери Нурдин Усупбековго байланышканыбызда, жүк ташыган унаанын 30 жаштагы айдоочусу ооруканага келип, амбулатордук жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө чыгып кеткенин билдирди.

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.