Таласта бүгүн, 18-октябрда такси жана оор жүк ташуучу унаалардын 30дан ашуун айдоочусу облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Талас – Тараз – Суусамыр жолунун четинде жүргөн мал ээлерине чара көрүүнү жана жол чырактарын түнкү учурда өчүрбөөнү суранышууда. Ошондой эле, мал-жандыкка жарык чагылдыруучу ленталарды байлап коюуну өтүнүшүүдө.

Айдоочуларды облус башчысы Бакытбек Нарбеков кабыл алып, атайын график түзүп мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана атайын ленталарды байлоо боюнча тапшырмалар берилерин билдирди.

15-октябрда Талас районунда жол кырсыгынан сегиз киши набыт болгон. Кырсык Талас – Тараз – Суусамыр жолунун 61-чакырымында, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылына жакын жерде, түнкү саат 22:30 чамасында катталган. Кырсыкка талаада жүргөн жылкылар себеп болгону айтылууда.

Кыргызстанда быйыл сегиз ай ичинде 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болгон. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жараат алган.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктын 95% адамдык фактордон улам болуп жатканын билдирген.