Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга талапкерлиги жактырылды. Бул тууралуу парламенттин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маалымдады.

Комитет Аида Касымалиеваны Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна талапкерлигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөнкүдөй чечти:

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Касымалиева Аида Камчыбековнанын талапкерлиги жактырылсын.

Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.