«IHH в Нидерландах» түрк фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, район башчысы Жамалбек Ырсалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен бирге гуманитардык жардамды таратууга катышты.

«Биринчи май районунда жашаган жардамга муктаж 400 үй -бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Шаардыктар керектүү нерселердин баары менен азык -түлүк себеттерин алышты: ун, өсүмдүк майы, күрүч, кант, макарон, буурчак, таттуулар, коюлтулган сүт жана томат пастасы», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле күнү турмуштук оор кырдаалга туш болгон 250 балага жылуу кийим түрүндө гуманитардык колдоо көрсөтүлдү.