Милициянын капитаны Айбек Төлөев үч бир туугандын ичинен атасынын жолун жолдогон уул, анткени атасы Төлөев Болсунбек өмүрү өткөнчө милиция кызматында тергөөчү болуп эмгектенген. Атасы 48 жашында эрте  көзү өтүп кеткенин айткан каарманыбыз, анын  балдарынын жакшылыктарын көрбөй,  небере жытын жыттабай калганына өкүнүп келерин кошумчалайт.  Айбек мырза кичинесинен эле атасындай болуп милиция кызматкери болууну кыялданып, ата жолун улагысы  келчү, минтип тилеги ишке ашып, учурда элине, жерине кызмат өтөп келет. Кызматында болсо  жаш өспүрүм балдардын кароосуз калып, кичине кезинен кылмышка аралашып калуусу каарманыбызды кейитип келет. Өзүнүн иш тажрыйбасында мындай окуялардын көбүнө күбө болгон, аларды мындайча баяндап берди.

Бир күнү Талас шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн подъезддеринин биринде өспүрүм балдардын мас абалында жүргөндүгү жөнүндө кабар келет. Каарманыбыз кесиптештери менен дароо ал дарекке барган убакта эки-үч окуучу балдарга туш келишет. Негедир ал балдардын жүрүш-турушу кызык көрүнүп, кырдаалды тыкыр иликтөөгө өтүшөт.  Көрсө ал өспүрүмдөр клей жыттап алышкан экен… Аларды бөлүмчөгө алып келишип, өздүктөрүн тактап, ата-энесин чакыртышат. Ал өспүрүмдөр клейди көп жыттап алгандыктан, бирөөсү эсин жоготуп, жатып калат. Айбек Болсунбекович азыркы учурда кээ бир ата-энелердин балдарына сөзү өтпөй же алы жетпей калгандыгы өкүнтөрүн айтат.  Ошол жердеги клей жыттаган балдардын бирөөсү Талас шаарындагы  мектептердин биринде жакшы окуган алдыңкы окуучулардын бири болуп чыгат, болгону  ата-энеси жактан жакшы көңүл бурулбай, тарбия жетишсиз болгону такталат.  Бөлүмчөгө чакыртылган ата-эне баласынын кыймыл аракетин көрүп, жөн гана кейип турушат. Милиция кызматкерлери клейге ууланган баланы Талас шаардык бейтапканага алып барып, эсине келтиришет.

«Кээ бир ата-энелер балдарынын, кыздарынын эмне кылып каякта жүргөнүн да көзөмөлдөшпөйт. Маселен,  бир жолу бир ата-эне кызынын боюнда болуп калганын билген эмес, качан гана төрөтканага барып, кызы төрөгөн маалда билишкен. Жакшы тарбия алган бала келечекте жакшы жагын гана көрсөтө алат, анткени балдар биздин келечегибиз. Кичинесинен жакшы тарбия алган өспүрүмдөр келечектеги коомдун оңолушуна чоң салымын кошот. Ата-энелер балдарга берген тарбияны мугалимдер менен милиция кызматкерлерине түртө салып жатышат. Тарбия деген үйдөн болуш керек, мугалим менен ЖӨИИ кызматкерлери ошол ата-эне берилген тарбияны бекемдей  алабыз», -деп баса белгилей кетти каарманым. Кеп соңунда  Айбек Болсунбековичке ийгилик каалап, келечекке кам көргөн жигиттерибиз бар болсун дейли.

 

ИИМдин “Бетме-бет” гезити