Ош облусунун Кара-Суу районунда заманбап завод курулганын редакциябызга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, заводго Түркияда чыгарылган эң акыркы үлгүлдөгү жабдуулар коюлган.

“Эгемен болгонубуздан бери эле кайра иштетүү ишканаларын куруубуз керек деп келебиз. Бирок айткандар көп, кылгандар аз. Ош облусунун Кара-Суу районунда мээнеткеч мекендештерибиз дал ошол көп сөз болгон ишти жүзөгө ашырышты. Алар түрк туугандар менен чогуу пахтаны кайра иштетүү заводун куруп, ал күпүлдөп иштеп жатат. Заводго Түркияда чыгарылган эң акыркы үлгүдөгү жабдуулар коюлган. Пахтадан өндүрүлгөн волокно сапаты боюнча эң жогору болуп, токтоосуз сыртка экспорттолууда. Завод эрте жазда дыйкандарга сапаттуу пахта уругун таратып берип, жер семирткич, пленка жана башка зарыл каражаттар менен камсыздагандыктан дыйкандар жогору түшүп алышыптыр. Учурда завод дыйкандардан пахтаны жогорку баада сатып алууда. Эмгеги акталган дыйкандардын кубанычына чек жок.

Завод ээлери пахтанын волокно боюнча экспортко чыгып кетип жатканын айтып, эгерде андан жип ийрип, кездемени да өзүбүз чыгарсак, аябай пайдалуу иш болмок, дагы жүздөгөн иш орундары түзүлмөк дешет. Ал үчүн текстиль фабрикасын куруу керек экен. Аны курууга да ошол эле түрк инвесторлор даяр турушат.

Урматтуу Акылбек Жапаров мырза!

Урматтуу Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов мырза!

“Кашкар Коттон Текстиль” ишканасына текстиль курууга жер ажыратып берүү жагынан жардам берсеңиздер. Бул өлкө кызыкчылыгы үчүн өтө чоң иш болмок”, — деп айтылат билдирүүдө.