Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партия калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 18-сентябрда, саат 18:00дө партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бардык документин БШКга тапшыруу мөөнөтү аяктады.

Буга чейин каттоодо турган 23 саясий уюмдун 20сы документин толугу менен, “Жашасын Кыргызстан” партиясы жарым-жартылай тапшырган. Ал эми “Ак Асаба” кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары” партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.

Натыйжада төмөнкү 21 партия жарышка аттанууда:

  •  “Улуттар Биримдиги”;
  • “Ишеним”;
  • “Альянс”;
  • “Кыргызстан жашылдар партиясы”;
  • “Бирдиктүү Кыргызстан”;
  • “Ата Мекен”;
  • “Ыйман Нуру”;
  • “Эл үмүтү”;
  • “Азаттык”;
  • Ынтымак”;
  • “Күчтүү регион”;
  • “Бүтүн Кыргызстан”;
  • “Аруузат – Эл Куту”;
  • “Ата-Журт Кыргызстан”;
  • “Мекенчил Эл”;
  • “Ордо”;
  • “Багыт”;
  • “Жашасын Кыргызстан”;
  • “Улуу Журт”;
  • “Легалайз”;
  • “Социал-демократтар”.